www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бу сапар кризис канчага чейин созулушун да эч ким айталбайт», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Орусияга кирген санкциялар бизге кандай таасир берет? Кыргыз өкмөтү буга кандай чара көрүшү керек? Кризис келсе ар бир кыргызстандык эмне кылышы керек?

- Дүйнөнүн жарымы Орусияга атайын санкцияларды аябай эле салып кирген соң Орусияны экономикасы акырын ыдырайт. Бизде кубаттуу, күчтүү экономикабыз бар дегени чынында жомок. Анткени, Орусиянын бюджети Нью-Йорк шаарынын бюджети менен тең келгендигин көпчүлүк биле деле бербейт. Бул жанагы Ош шаарынын бюджетинен ОШМУнын бюджети көбүрөөк дегенге ишенбегендей эле.

Экинчиден, биз Орусия менен бардык жагыбыздан бир жипке байланып калгандыгыбызды эске алсак, таасирин ушундай берет «мало не покажется». Албетте, антикризистик программалардын негизинде иш жүргүзөт дечи, бирок биздин даремет ошого жарайбы, маселе ушунда турат. Үчүнчүдөн, эки дөө чабышканда чымындардын курсагы тойот дегендей, бийлик көрөгөчтүк менен ишти алып барса, бир катар жеңилдиктер өзүнөн-өзү келеши мүмкүн.

Мисалга, мунайзатты, күйүүчү майларды Европа башка жактар албай койгондон кийин, алар баары бир сатышы керекпи? Мына биздин базар апачык. Албетте,  соодалашууну билүү абзел. Баасын төмөндөтүп алса неге болбосун, баары бир продукциясы күйүп кетип жатпайбы. Кытай арзан сатпаса мойнун буруп деле койбос.

Кызыгы, кризис келсе эмес, ал астанадан аттап, үйгө кирип кетпедиби. Тигине бакстын курсунун көккө учушу, рублдин кулашы албетте, сомдун башын айлантат. Баалардын кескин жогорулашы нааразычылыкты жаратканы менен айла канча ар бир жаран өзүн гана ойлогон заманда кандайдыр бир шыпааны эч ким айта албас.

Бийликке күчтүү кризис-мендеджерлерди алып келип, алардын акылы, аракети менен менен гана андан сыйпалатып өтүп кетсе болот. Бирок бу сапар кризис канчага чейин созулушун да эч ким айталбайт. Прима-скрипкада дөө шаалар өздөрү жалгыз ойноп жаткандыктан, бул кризистеги ташпиш саясат гана жыттанат. Демек, саясий кадамдардан түк адашпаш керек.

- Украина-Орусия чырында Кыргызстандын позициясы кандай болгону туура? Биздин эки тарапты элдештирүүгө, орток пикир таптырууга мүмкүнчүлүгүбүз жетеби?

- Биз Орусия менен болгон бардык бирикмелердебиз, колтукташпыз, президенттер айткандай стратегиялык өнөкпүз. Эми кагаз жүзүндө болсо деле. Бирок катуу байланганбыз. Албетте, славян эки элдин ортосундагы мындай алааматта, бир жагынан алганда биз орустарды колдошубуз керек болот, бирок экинчи жагынан дүйүнөнүн жарымынан көбү каршы чыгып турган маалда калыс болгонуубуз оң.

БУУда кабыл алынган резолюцияда Кыргызстан калыс болгону ушундан улам. Көрөгөчтүк кылышты. Бирок, бизге чынында оор эле болуп турат. Оңго кетсең арабаң сынат, солго барсаң атың өлөт, түз кетсең өзүң өлөсүң дегени кудум ушул. Бирок, кыргыз бийлиги өтө сак, сөздөрүн салмактап, ойун майдалабай бейтараптыктын туурунда тура бериши абзел.

Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн үчүн раунду болорунун алдында мындай жооптуу миссияны Түркиянын ажосу Эрдоган өзүн алып жатпайбы. Албетте, орус тарап ага Кыргызстан кирсин деп айтса, балким биз да ортомчулук статуска ээ болуп калышыбыз мүмкүн. Менин жеке баамымда бул кан төгүлгөн күтүүсүз согуштун тагдыры 15-16-мартта чечилип калат.

Соңу сүйлөшүү жолу менен бүтөт. Кимиси утат, кимиси утулат деген собол пайда болгону менен утканы болбойт. Болгону орустар экономикасын сактап калуунун аркасынан Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө мажбур болушат. Кала берсе Донбасстан, Крым дагы баш ооруга айланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости