www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 11-мартында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T. аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101 беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости