www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Партизан-оппозиционерлерге» ишеним деле жок», - деди бүгүн, 3-майда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Калдарбек ага, Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаковдун демилгеси менен «Коомдук кеңеш» деген уюм түзүлдү. Мурдарак «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» деген оппозициялык уюм уюшулган. Катар уюшулган уюмдар эмнеден кабар берет?
- Түптөлбөгөн демократиянын балалыгынын саркындылары, сайдын нугундай ар кандай коомдор, кыймылдар, уюмдар саксап-чарчап жүрүп акыры дайрага кошулуп, анан акылы тетик оппозицияга же мушу күч радикалдарга айланып кетер деген алысты мелжеген ой менен түзүлөт, уюшулат. Кулк-мүнөзү шайкеш келген батыштыктар үчүн бул демейдеги көрүнүш.
Анткени, мындай аракеттер менен алар саясий, социалдык жана башка жагдайлардын пайдубалын түзүшөт жана ошолордун калканычында өкмөткө талаптарын коюшат. Бирок, бизде баары теңирден тескери кетпедиби.
Демократияң өзү дермократияга айланып, партиялардын эле саны 200дү чамалап, аты бар, заты жок, кагазга түшүрүлгөн козу карындардын эле сүрөтү. Бийликтин короосунан колунан жетеленип чыгарылып калгандардын бири калбай, мына ушундай козу карындай болгон партияларды түзүштү. Оппозициянын да өзүнүн теңи бар, кадыр салмагы, ыйы, сыры бар.
Акыркы мезгилде тетири сүйлөп койсоң эле оппозициясың деген түшүнүк калыптанып калгандай. Жалпак тил менен айтканда «Элдин адамы» болуу үчүн ютуб же башка бир сайттардан президентти, өкмөттү же расмий бийликти катуу сындап, катуу жемелеп, артынан кетсин, деп койгонуна көнүп деле калышты.
Талгарбековдун же Исаковдун демилгесинен көзүн жарган ушул кеңештин айланасына сереп салсаң, тыкан көз жүгүртсөң, жогорудагылардын баары бирден саналып чыгат. Буларда эч кандай кандайдыр бир мини же макси пландары жок. Башкысы, элдин арасында эч кандай таасири жок. Кеп ушундай болуп жатпайбы.
Ар кандай уюм же кеңеш элдин төмөн катмарынан негизинде түзүлүшү керек эмеспи. Бишкекте отуруп алып, ойго келгенди түзүп, анан биз оппозициябыз деп айтуу бүгүнкү кыргыз саясатынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калгансыды...
Түшүнүктүү да, бийликти алуу керек. Максаты ушул. Бүгүнкү кырдаалда бул өтө оор маселе, анткени «партизан - оппозиционерлерге» ишеним деле жок.
Бирок аккан арыкта суу ага берет эмеспи. Бирдемке болуп кетер деген эле жөө жомок. Эң кызыгы, оппозициямын дегендердин биринин да дилинде кыргыз мамлекетинин келечеги, бакубаттуулугу тууралуу ой деле жок, болгону бийликке биз келели, анан көрөбүз.
Мына ушундай «балалык оорудан» арылмайын» оппозициялык уюмбу, кыймылбы, кеңешпи, айырмасы жок, табыркачы айткандай «эртең жаан жаайт же жаабайт»...
Булак: NazarNews.kg