www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлекте миң гектардай эгин аянтын чегиртке каптады

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат жана Кулунду айылдарында миң гектардай буудай, арпа аянттарын чегиртке каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев тиешелүү кызматтар алдын албаса айыл четиндеги кайракы жерге айдалган дандан түшүм албай калуу коркунучу жаралганын билдирди.

Баткен облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлү Ачылбек Бекташовдун билдирүүсүндө, бул маселе боюнча адистер аймактарды кыдырып чыккан. 10-майдан кийин дарылоо иштери башталат.

“Дары-дармектер, техника жетиштүү. Чегиртке каптаган аймакта анализ жүргүздүк. Максат жана Кулунду аймагында миң гектардай аянтта чегиртке чыкканы аныкталды. Борбордук башкармалыка да маалымат берилген. Эрежеге ылайык чегирткелердин экинчи мууну чыкканга чейин дарылоо натыйжа бербегендиктен, иликтенип дарылоо ишин 10-майдан баштай турган болдук”, - деди ал.

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өтүнүчү менен 2020-жылдан тартып, БУУнун Азык-түлүк коопсуздугу фонду тарабынан Кыргызстанда чегирткелерди жок кылуу багытында атайын долбоор ишке кирген. Анын алкагында зыянсыздандыруучу химиялык заттар, тиешелүү жабдуулар сатып алынып, зыянкечтерди тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы бюджети 250 миң доллар.

Кыргызстанда эгинге залал келтирүүчү чегирткелер Фергана өрөөнү жана Казакстан менен чектешкен аймактарды мекендешет. Анын (саранча) алты түрү кездешет. Ургаачысы иштетилбеген талааларга 100-150 жумуртка таштайт. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйүүгө жөндөмдүү. Чегиртке күнүнө 100 чакырымга чейин аралыкты учуп өтө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости