www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто таттуу токочко ууланган 14 бала ооруканада дарыланууда

Учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарында 14 бала дарыланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдардын абалы канааттандырарлык.

“Анализдерин кайра кайталап тапшыргандан соң аларга участкалык дарыгердин көзөмөлүндө үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Калган жарандар кечээ медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылган”, - деп кошумчалашты мэриядан.

Жарандардын ууланганы тууралуу маалымат чыккандан кийин мэриянын тапшырмасы менен Кара-Суу районундагы «Сахобат» кондитердик цехинен келген азыктар сатылып жаткан дүкөндөргө текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок ага чейин эле жеткирүүчүлөр бардык продукциясын сатыктан алып салышкан.

Маалым болгондой, кырдаал Ош шаардык мэриясынын көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, «Сахобат» кондитердик цехинде жасалган таттуу токочтон ууланган жарандардан стафилококк инфекциясы табылган.

Учурда кондитердик цехтин иши убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, Ош облусунда таттуу токочтон 35 адам ууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости