www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өлкөдө оппозиция болсо демократия болот», - деди бүгүн, 3-майда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн байке, Бекболот Талгарбеков менен Исмаил Исаковдун демилгеси менен «Коомдук кеңеш» деген уюм түзүлдү. Буга чейин «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм уюшулган. Катар уюшулган уюмдар, бирикмелер эмнеден кабар берет?

- Жакынкы айларда «Коомдук кеңеш» жана «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык бирикмелер пайда болду. Алардын катарында белгилүү саясатчылар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер жүрөт.

 Өлкөдө оппозиция болсо демократия болот, оппозициялык саясий уюмдардын катар уюшулганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буга чейин кандай күчтүү оппозициялык бирикмелер, уюмдар болгон. Бул уюмдар да бийликке сын-пикирлерди айтып тура алат.

- Баса, «Байрактар» Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оорубу? Коомчулукта Түркия Кыргызстанга саткан байракты Тажикстанга да сатыптыр деген маалымат тарап жатат. Эгер Түркиянын кошуналарга сатканы чын болсо, алар аны Кыргызстанга каршы колдонушпайбы?

- Түркиянын бийлиги «Байрактар» жеке компания тарабынан башкарылат. Алардын жеке бизнес ишине аралаша албайбыз деп Украина менен Орусия согушуна карата Орусияга жооп беришти. Түркия ким кааласа «Байрактарды» сата берет.

Өзбекстанбы, Казакстанбы, Тажикстанбы аларга акча керек. Түркия Кыргызстанга саткан байракты Тажикстанга сатса алар Кыргызстанга каршы колдонбу жокпу аны Тажикстандын бийлигинен сураш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости