www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-майда, – Дүйнөлүк эркин басма сөз күнү, бул дата Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы жарыяланган жана 1994-жылдан бери белгиленип келет. Сунушту 1991-жылы ЮНЕСКО жасаган, анткени дал ошол жылдын 3-май күнү Африканын басма сөзү тууралуу Виндхук декларациясы кабыл алынган.
Ошол жылдары Кыргызстан эгемендүү жумурият катары жаңыдан телчигип келаткан жана анын кошуна мамлекеттерден болгон бирден-бир айырмасы эркин басма сөз болчу. Андан бери кошуна мамлекетердеги абал дээрлик өзгөргөн жок, Кыргызстан болсо айрым учурларда кетенчиктеп да баратат.
Бул мезгилде технологиялар эбегейсиз өнүктү, ошондуктан кээде сөз эркиндиги үчүн күрөштө алдыңкы орунга ошол максатты чындап көздөгөндөр эмес, кээде өздөрү эреже бузган же ыплас аракеттерге баргандар чыгып калууда. Алдыга чечкиндүү кадам таштай албаган Кыргызстан болсо эми кантип жашаш керекти Африкадан үйрөнө тургандай болууда.