www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Ханау шаарында белгисиз бирөө кальянканада отургандарга ок атып, тогуз адам каза тапты. Кол салган адам өзү да каза тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Расмий билдирүүдө, ок аткан адам өтө чектен ашкан көз караштагы экстремист болгон деп айтууга негиз бар.
Окуя 19-февралдан 18-февралга караган түнү Ханаудагы кальян кызматындагы барда болгон. Башында кылмышкер шаардын чок ортосундагы бардын ичинде адамдарга ок атып, машина менен изин жашырып кеткен. Андан көп убакыт өтпөй эле шаардын батыш жагындагы бардан дагы адамдарга куралдуу кол салуу болгону жөнүндө билдирүү түшкөн.
Биринчи кальянканада өлтүрүлгөнү үч адам, экинчисинде беш адам деп маалымат тарады.
Полиция кылмышкерди издөө боюнча ишин баштап. Бир аз убакыттан кийин шектүү адам Ханаудагы өзүнүн үйүндө өлүү табылды.
Полициянын баамында кылмышкер үйүнө качып баргандан кийин өзүн өзү атып өлтүргөн болушу мүмкүн.
Кальянканада отургандар көбүнчө күрд улутундагы адамдар болгон.
Бул кылмыштуу окуянын максаты эмне экени белгисиз.
Франкфурттун чыгышында жайгашкан Ханау шаарында 90 миңдей калк жашайт.
Булак: NazarNews.kg