www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБинин кызматтан алынган директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди модернизациялоодогу 386 миллион доллардын кандайча майнапсыз жумшалганын айтып чыккандан бери «Энергохолдинг», «Электр станциялары», «Модернизацияны башкаруу тобу» калп да болсо бир жүйө келтирип жооп айтканга жарашпай, чээнге кирип бекинип алышты. «Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиевдин өзү баш болуп, «Электр станциялары» ишканасынын, «Модернизацияны башкаруу тобунун» жетекчисин кошуп журналистгерге интервью бердиртем деп убада берген экен, учурда куйругун карматпай качып жүргөнүн маалымат булактары жазды.
Арты таза болбой куйруктарында калбыр болсо, качпаганда эмне кылышмак эле. Бирок качанкыга чейин качышат? Эртедир- кечтир жооп берчү күн келет да!Ал кезде журналисттердин суроолоруна эмес, тергөөчулөрдүн сурагына жооп берүугө туурa келет. Ылайым ошондой болсо экен...
Булак: "Фабула"