www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атмосфералык дарыя» деп аталган сейрек метеорологиялык көрүнүштөн улам Калифорния штатында катуу бороон болуп, күтүүсүз суу ташкындары орун алды. Натыйжада миңдеген тургундар эвакуацияланууда.

Синоптиктердин маалыматына караганда, жагымсыз аба ырайы Рождество майрамдарына чейин уланат. Түштүк Калифорниянын айрым аймактары суу алдында калып, жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап чыгууга мажбур болушту. Тоолуу курорттук райондордо ылай, таштанды жана суу агымдары короолорду жана террасаларды каптаган.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы жашоого кооптуу аба ырайы жана ашыкча жаан-чачын коркунучу сакталып жатканын эскертти.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом штаттын алты округунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул калкты жана инфраструктураны коргоо үчүн ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Лос-Анджелес округунда кооптуу аймактарда жайгашкан 130га жакын үйдү эвакуациялоо боюнча буйрук берилди. Бул аймактар буга чейин токой өрттөрүнөн жабыркаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Калифорнияда кеминде эки адамдын каза болушу аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Последние новости