www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-декабрь саат 09:00го карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган бардык унаа жолдордо тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз!