www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери коюлуп жатат. Долбоордун демилгечиси Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев экени айтылды.

Долбоордун алкагында муниципалитеттин чатырына жалпы кубаттуулугу 100 киловатт болгон 320 күн панели орнотулууда. Алар болжол менен 2 миң 200 чарчы метр аянтты ээлейт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, система жылына 500 миңден 800 миң киловатт-саатка чейин электр энергиясын өндүрөт. Бул шаардык бюджетке жыл сайын бир нече миллион сом каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Мэриядан билдиришкендей, бул долбоор чыгымдарды кыскартуу менен гана чектелбестен, Ош шаарынын энергосистемасына түшкөн жүктү азайтууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңиш Токторбаев шаарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелери менен мыкты иш алып барып, реалдуу натыйжаларды көрсөтүп келе жатат.

Последние новости