www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда жаңы улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилери жарыяланып, бул кадам өлкөнүн экономикалык тарыхында жаңы барак ачары белгиленүүдө. Борбордук банктын төрагасы Абдулкадир аль-Хасрия билдиргендей, бул чечим каржылык суверенитетти бекемдөөгө жана согуштан кийинки экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейинки сирия фунтунун банкнотторунда өлкөнүн мурдагы президенти Хафез Асад менен андан кийин президент болуп куулуп кеткен баласы Башар Асаддын сүрөтү жайгашып келген. Бул валюта узак жылдар бою саясий символ катары да кабылданып, бирок согуш, санкциялар жана инфляция шартында өз наркын дээрлик жоготкон.

Адистердин пикиринде, жаңы валютада мурдагы саясий фигуралардын сүрөттөрү колдонулбай, нейтралдуу, улуттук мурастарды же мамлекеттик символдорду чагылдырган дизайнга өтүү ыктымал. Бул Сириянын эски доор менен коштошуп, жаңы экономикалык жана саясий этапка кадам таштаганын көрсөтөт. Жаңы валютанын так өзгөчөлүктөрү жана дизайны 28-декабрда өтө турган расмий жыйында жарыяланмакчы.

Айтмакчы, 2011-жылы жарандык согуш башталган учурда АКШнын 1 доллары 47 сириялык фунтка барабар болсо, андан бери өлкөнүн улуттук акча бирдиги кескин кунун жоготту. Айрым жылдары 1 доллар 10 000–15 000 сирия фунтуна чейин жеткен учурлар болгон. Бул калктын сатып алуу жөндөмүнө катуу сокку урган.

Последние новости