www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Араван РИИБдин кызматкерлери 2025-жылдын 25-декабрында Достук айыл аймагындагы Аччы, Мангыт, Жаңы-Араван жана Араван айылдарында жашаган аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга аяз ата, аяз кыз менен жаңы-жылдык белектерди берип кайтышты. Бул тууралуу Ош ОИИБ басма сөз кызматы билдирди. 

Милиция кызматкерлери балдарга майрамдык маанай тартуулап, алардын ата-энелеринин көйгөйлүү маселелерин укту. Тартип сакчылары менен кошо барган соц. педагогдор балдардын күнүмдүк жашоо шартынан жакындан кабардар болуп, майрам менен куттукташты.

Иш-чаранын максаты – колдоого муктаж болгон үй-бүлөдө чоңоюп жаткан балдарга майрамдык маанай тартуулоо, аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Үй ээлери күтүлбөгөн коноктордун белектерин алып, ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.

 

Последние новости