www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сууктун түшүшү менен кошо келген абанын булганышы, андан арылуу аракеттери боюнча эколог Калия Молдогазиева менен маектештик.
-- Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу ЖЭБде көмүр эки эсе көп жагылаары айтылып жатат, Бишкектеги абанын сапаты кандай болот? Андан арылуунун кандай жолдору бар?
-- Сөзсүз түрдө көмүр жагууда абага уулуу заттар чыгат, абаны булгайт, бирок бул көмүрдүн сапатына көз каранды. Мурун Карагандынын көмүрү келчү, азыр Кара-Кече, Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүнүн бир канча сорттору келип жатканына байланыштуу алардын сапатын азырынча айтуу кыйын. Абанын булганышына ТЭЦтен жана автомобилдерден чыккан түтүндөр дагы терс таасир берет.
Айдоочулар эски унааларды катализатору жок деле айдап жүрөт. Мындан чыккан түтүндүн абага тийгизген зыяны эбегейсиз чоң. Катализаторлор унаа айдагандан чыккан зыяндуу газдарды тазалоо үчүн иштелип чыккан атайын техника. Мамлекеттик орган ошолордун бар-жогун текшерип, айдоочуларды катализаторду тагып жүрүүгө милдеттендирүүсү шарт. Мындай техникасы жок унаанын айдоочуларына айып пул салыш керек. Мындан тышкары, Бишкектин айланасындагы жеке үйлөр суук түшкөндө көмүр гана эмес, таштанды жаккандары дагы арбын.
Тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагышат, алар күйгөндө уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Абанын тазалыгы боюнча өкмөт, бейөкмөт уюмдар, ар бир жаран ойлонушу керек. Балдардын ден соолугун биринчи орунга коюп, сапаттуу көмүр жагуу зарыл. «Таштанды жагып, бир аз акча үнөмдөйм» дегендер, өздөрүн, балдарын, жакындарын бүтүндөй шаар тургундарын уулантып, ден соолугуна зыян келтирип жатканын түшүнүү маанилүү. Албетте, азыр экономикалык каатчылык, баардык нерсе кымбат, жарандарды да түшүнсө болот. Ошол эле учурда жөнөкөй ыкмалар аркылуу кырдаалдан чыгуу деле мүмкүн.
Мисалы, энергияны үнөмдөө деген бар, үйдү жылыткандан кийин баардык тешиктерди бүтөп, жылуулукту көпкө кармоо ыкмасы аркылуу жылуулук изоляциясын жасоо зарыл. Ошенткенде азыраак көмүр коройт. Өзүңүздөр байкагандай, быйыл көмүрдүн тартыштыгы байкалууда. Пандемиянын шартында жыл ичинде калктын жашоо деңгээли кыйла төмөндөдү. Бул кышта Бишкектин жана анын чет жакаларынын тургундары колуна тийген нерсени жагышы ыктымал, демек, түтүн маселеси курчуйт.
-- Ар бир жаран абанын тазалыгы үчүн кам көрүү зарылдыгын айттыңыз. Муну элдин аң-сезимине жеткирүү үчүн чоң кампаниялык жумуштар жүрүш керекпи?
-- Алдын ала түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Качан кыш келип, үстүбүздө кара түтүн айланып калганда эле эмес, жайында, жылдап аракеттер көрүлүшү кажет. Буга мамлекеттен көзөмөл, туура мыйзамдар, журналисттер, блогерлерден маалыматты таркатуу, бейөкмөт уюмдарынан так анализдер талап кылынат. Ушундай аракеттердин арты менен натыйжалуу жыйынтыкка жетишибиз мүмкүн.
Мисалы, көмүр кымбат, аны бардык эле үй-бүлө сатып ала албай калышы турган иш, мында монополияга каршы агенттик киришип, кара алтындын баасын турукташтырып, жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн эске алуусу абзел. Комплекстүү чечиле турган маселе бир эле өкмөттүн же экологдордун колунан келе калбайт. Смог – угардык газ, көмүр кычкыл газы, формальдегид, бензол сыяктуу химиялык уулуу заттын топтому.
Ал аба аркылуу адам дем алганда өпкөгө, кан тамырларга, мээге таасир берет. Таасири узак мөөнөттүү болот, убакыттын өтүшү менен гана организмде булардын кесепети билине баштайт. Сөзсүз бир ооруларды пайда кылат. Азыр таза абага чыгуу оор болуп калды.
Сыртка чыксаң аба булганып турса, кайдагы тазалыкты айтабыз? Ошондой болсо да, Бишкектеги жашыл аймактарга барып турганга аракет кылыш керек. Жашыл аймак, парктар абаны тазалап турат да. Ал жакта аба салыштырмалуу таза болот, ошон үчүн жашыл дарактарды көбөйтүш керек.
Булак: Азия News гезити