www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Казакстан - Орусияга Казакстан аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эреже боюнча сүйлөштү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорго кол коюлган.
Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эреже боюнча эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгаын белгилеген.
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Орусияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт. "Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экпорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп айтылат маалыматта.
Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле, аларга навигациялык пломба орнотуп коёору кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.
Булак: NazarNews.kg