www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суданда өзгөчө абал киргизилди

Суданда өзгөчө абал киргизилди. Анын алдында бул Чыгыш Африка өлкөсүнүн коопсуздук күчтөрү премьер-министрди жана бийликтин бир нече аскердик эмес мүчөсүн кармап кеткен. Маалымат каражаттары “аскердик төңкөрүш” болгонун жазууда.

Генерал Абдел-Фаттах Бурхан 25-октябрдагы теле кайрылуусунда - көз каранды эмес кеңешти жана убактылуу өкмөттү таркатып жибергенин билдирди.

Буга чейин маалымат министрлиги куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармаганын “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирген. Алар азыр кайда экени белгисиз. Оппозициялык кыймыл калкты “аскердик төңкөрүшкө” каршы чыгууга үндөдү.

Баш калаа Хартумга аскерлер жайгаштырылып, карапайым элдин кыймыл-аракеттери чектелди. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, шаардын бир нече жеринде улуттук желектерди көтөрүп алган адамдар нааразылык билдирип, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатат. "Алл-Арабия" телеканалынын маалыматына караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтоду.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматтан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялаган. Андан кийин армия жана жарандык лидерлер бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашып, Судан демократиялык багытта кетет деген үмүт пайда болгон.

Бурхан жакын арада Башкаруу кеңештин бийлигин аскердик эмес өкүлгө өткөрүп бермек.

АКШ, Европа Биримдиги жана Африка шериктештиги төңкөрүш аракетине байланыштуу камтамасын билдирип, тараптарды сүйлөшүү өткөрүүгө чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости