www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камаш керек бийликтеги арамды,
Камаш керек элди алдаган жаманды.
Калкым күтөт жаңы болгон АЖОдон, 
Камаганын жеп тойбогон каманды.

Камаса экен адилетсиз сотторду,
Камаса экен арам тамак менттерди. 
Камаса деп элдер күтөт АЖОдон,
Камайт ко деп такыр тойбос иттерди.

Камаса экен эки жүздүү койлорду,
Камаса экен элди жешти тойбоду.
Камаса деп элдер күтөт АЖОдон,
Канча жешти жегендерин койбоду.

Бошотсо экен ачуу чындык айтканды,
Бошотсо экен элдин жүгүн тартканды. 
Биз күтөбүз жаңы болгон АЖОдон,
Бошотот деп чындык үчүн жатканды.

Жем корлорго Өмүр Садыр жакпады,
Жем корлоруң эл байлыгын кактады.
Жаңы АЖО жем корлордон арылтып,
Жем корлордон тазалашты баштады.

Беттери жок жем корлоруң семирди,
Бошотсо эгер Садыр менен Өмүрдү.
Болушунча көчүгүнө жем кордун,
Басат беле кызып калган темирди.

Мен ойлоймун АЖО болот Адал Хан,
Адал Хандар элди арылтат азаптан.
Жакшы жардам берет эле АЖОго,
Мыктыбек, Улук, Өмүр, Садыр, Адахан.

Автор, Эшмамат.

Ыр Фейсбук баракчадан алынды:

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости