www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы филармониянын курулушун сунуштады. Ал акыркы жылдары өлкөдө бир катар ири объектилер — президенттик администрациянын имараты, стадион сыяктуу курулуштар бүткөрүлгөнүн белгилеп, маданий объектилерге да көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Анын айтымында, көп мамлекеттик иш-чаралар филармонияда өтөт жана эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы имарат куруу Кыргыз маданиятына болгон сый-урматтын белгиси болмок.
Тилекке каршы, бул сунуш айрым суроолорду да жаратпай койбойт. Анткени жаңы филармония куруу чоң чыгымдарды талап кылат, ал эми учурдагы имарат пайдаланууга жарактуу абалда.
Ушундан улам, социалдык тармакта айрымдар борбордун эң ыңгайлуу бөлүгүндө жайгашкан филармониянын жер тилкесине кызыкдар тараптар бар болушу мүмкүн деген пикирди жазып чыгышты. Башкача айтканда, жаңы имарат куруу демилгеси айрым коммерциялык кызыкчылыктар менен байланыштуу болушу ыктымал деген күмөн ойлор коомчулукта талкууга түштү.
Мындай шартта маселени кеңири коомдук талкуудан өткөрүп, экономикалык негиздемесин ачык көрсөтүү зарыл экени көрүнүп турат.
Терең караганда жогорку пикир депутат Калпаевдин кыялыбы же "артистинби"?, деген суроо жаралат. Мүмкүн заманбап филармонияда атактуу ырчылар менен дует ырдагысы келип жатат... Же Калпаевдин кыялын орундаталыбы?