www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-30-январда Астана шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.
Иш-чара эки бир тууган элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
29-январь (бейшемби) саат 18:00дө Кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземин баткендик токуучунун тагдыры жана чеберчилиги тууралуу терең философиялык драмасын чагылдырган режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» көркөм тасмасы ачат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айында тасма 27-Шанхай эл аралык кинофестивалынын башкы байгеси — «Алтын кубокту» жеңип алган. Тасма ошондой эле APSA Awards сыйлыгында ЮНЕСКОнун байгесине татыган жана Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.
30-январь (жума) саат 18:00дө көрүүчүлөргө режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» курч сюжеттүү драмасы сунушталат. Тасма 2026-жылы «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгынын абсолюттук жеңүүчүсү болуп, «Мыкты тасма», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты режиссёрдук иш» номинацияларында жеңишке жеткен. Кытайдагы ШКУ өлкөлөрүнүн фестивалында «Мыкты сценарий» байгесинин ээси, Пусан жана Лос-Анджелестеги абройлуу кинофестивалдардын катышуучусу болгон.
Кино күндөрү Астана шаары, «Mega Silk Way» соода-оюн-зоок борборунун, «Chaplin Mega Silk Way» кинотеатрынын 4-залында орун алат. Тасмалар кыргыз тилинде, орусча субтитрлери менен көрсөтүлөт.
Кирүү акысыз, алдын ала ээлеп коюу же билет талап кылынбайт.