www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дыйкандарды нааразы кылган №309 токтомдун айынан бир топ ызы-чуу болуп, фермерлер парламентке чейин келип, ал чыр дагы деле басыла элек.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков “мониторинг жүргүзүп, үрөнчүлүк чарбаларын тактадым” деп теледе өзүн реклама кыла баштаганда, экс-министр Тилек Токтогазиев мониторинг жүргүзгөн комиссияны ал түзгөнүн тастыктап, анын жасаган ишин өзүнө ыйгарып алганын айтып, калпын чыгарган.
Андан кийин парламентте да Айсара Абдиева министрдин жалганын жарыялаган жайы бар. Иштебей эле, өзүн рекламалап, тележылдызга айланган бул министрдин айынан өткөн жылы дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүмдү 35 пайызга аз алып, кирешелери куруп, чыгаша болушту.
Министр бул кыйынчылыкты кургакчылыкка шылтады. Көзү ачылып кеткенсип январда “быйылкы жыл оор болот” деп жар салганы менен жаманчылыкты чакыргандай эле болгон. Ал чолок акылында өзүнө ошентип алиби даярдайын (!) деген окшойт.
Анткени өлкөдөгү азыктүлүк коопсуздугуна да ушул калпычы министр жооп берет эмеспи. Оозуна сала бергенби, айтор, андан бери азык-түлүк, жашылчажемиштердин баасы эки-үч эсе кымбаттады.
Күндөлүк керектелүүчү ун, сүт, кумшекер, өсүмдүк майынын баасы күн өткөн сайын өсүүдө. Эл кыйналып жатат, министр Аскарбек Жаныбеков болсо кымбатчылык, баалар боюнча оозун төө тепкенсип унчукпайт да, тар чөйрөдө Садыр Жапаровдун кудасы менен шеринеде чогуу болуп, уча жегенин айтып түгөтө албай ар кандай жомокторду чыгарып, мактанып жүргөнүн уктук...
Булак: Азия News гезити