www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентибизди кимдер бирөөлөр тетири жакка жетелеп жаткандай. Мындай пикирди Калыбек Жапаров жазып чыкты.

«Мына, биздин өлкөбүз жаңылануунун жолуна түштү. Бул жолду элибиз эңсеп келген. Ошого себепчи кылып, Жараткан Алланын буйругу менен Садыр Жапаровду президент кылып шайлап алдык. Президентибизди элибиздин жашоо шартына жараша электр тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жаткандай эле көрүп атам. Бирок, президентибизди кимдер бирөөлөр тетири жакка жетелеп жаткандай...

Электр энергиясын пайдаланууда бааны көтөрүү менен бардык электр тармагындагы кризис чечилип калабы? Электр тармагында 25 ортомчу компаниялар бар экени белгилүү болгон. Биринчи кезекте ошолордун пайдасыз кызматтарын тактап, жойбойлубу?

Экинчиден, Электр жана энергетика тармагындагы коррупцияга шектүү чиновниктерди жоопко тартпайлыбы?

Үчүнчүдөн, элибиздин жашоо шарты оңолуп, айлык акылары көбөйө баштаганда тарифтердин баасын өзгөртпөйлүбү?

Өткөндө, мурунку энергетика министри ар кандай тарифтерди жазып алып, «биз эмне үчүн көтөрүп жатабыз» деп чечмелеп дөөрүдү эле.

Азыркы дайындалган министр деле түшүндүрүп бергени менен, элдин жашоо шартын эсепке албай жатпайбы? 10 миң сом айлык менен отурган айлыкчы тапкан эмгек акысына балдарын багабы, же электр энергиясына төлөйбү?

«Ач бала менен ток бала ойнобойт» дейт элибизде. Особняк, коттедждерде жыргап, круглосуточно электр энергиясын жагып, кышында баняларын, бассейндерин күпүлдөтүп жылытып отурган бай көпөстөргө, жемкорлорго, көпөс чиновниктерге электр тарифтерин көтөргүлө, чортаман, карапайым элге эмес!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости