www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов жөнүндө бешиктеги бала да жаттап бүтмөй болду. Бирок, Али Токтакунов бул жемкордон башка жемкорду көрбөй жаткан сыяктуу. Эмнеге миллиарддарга кол салгандар сындалбайт? Алардын бир кыйласы камакта жатышат, калгандары качып жүрүшөт го. Мындай пикирин коомчулукка белгилүү активист Калыбек Жапаров билдирди. 

"Азаттык", "Клооп" жана башка батышчыл мүнөздөгү жарандар ошолор жөнүндө жазса болбойбу? Райымбек Матраимовдун Бажыдагы кантип иштегендиги тууралуу схемасы ачылганы менен, кээ бири ошол учурда күнүнө жүздөгөн оор жүк ташуучу машиналардын кандай, кантип өтүп жатканына таң калышат.

Бүгүнкү күндө, "таможня системасындагы" окуядан кийин, күнүнө өтсө 10 оор жүк ташуучу машиналар өтөт экен, болбосо 1 же 2 машина өтүп калды дешет. Эмнеге, эмне үчүн биздин, Кыргыз Республикасынын Бажы тармагы ушундай абалга туш келип калды? Чоңубуздан кичинекейибизге чейин башыбыз аң-таң болуп отурат.

Ооба, Райымбек Матраимов Бажыны башкарып турганда, Бажы союзунун келишимине ылайык, мыйзам чегинде, ар бир өткөн машинадагы жүктүн баасына жараша таможня пошлинасын мамлекеттин казынасына төгүп турган дешет. Болгону, ар бир өткөн оор жүк ташуучу машиналардан 4600 суммасын башка каналга буруп салган, деген сөз бар. Мына, ошондон кийин "Раим миллион" деген атка конгон дешет.

Мүмкүн, Райымбек Матраимов Кытайдан "Карго" ачып, ошол жерден Орто Азия өлкөлөрүнө, Россияга кете турган жүктүн ээлери, ири бизнесмендер менен келишим түзүп, жөнөтүп тургандыр, деген ойго түшөм. Мына, ошол бизнесмендер, клиенттер биздин Кыргызстандагы Бажы чырынан кийин, Казахстандын, "Хоргасы" аркылуу жүктөрүн кетире баштады да. Азыр "Харгостон" күнүнө 500 дөн ашык оор жүк ташуучу машиналар өтүүдө, дешет. Албетте, мындан башкача дагы кандай схемалар болушу мүмкүн?", - дейт Калыбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости