www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
2026-жылдын 20-апрелинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ШКУга мүчө-мамлекеттердин тийиштүү мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, региондук жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.