www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасы саламаттык сактоону башкаруу тармагында компетенциялар менен алмашуу үчүн ШКУнун Диалогдук платформасын түзүү демилгесин сунуштады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, демилге ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда системалуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо тармагында тажрыйба, мыкты практикалар жана башкаруучулук чечимдер менен алмашуу үчүн туруктуу онлайн-эксперттик аянтчаны түзүүгө багытталган.
Платформа тематикалык талкууларды өткөрүүнү, улуттук тажрыйбалар менен алмашууну жана онлайн форматта биргелешкен демилгелерди координациялоону камтыган туруктуу өз ара аракеттенүү механизми болот деп күтүлүүдө.
Кеңешменин катышуучулары бул демилгени колдоп, анын ШКУнун алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин белгилешти.
Кыргыз Республикасы төрагалык кылуучу тарап катары саламаттык сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган туруктуу кызматташтык механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.