www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен жолугушту.
Жолугушууга өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков жана ММКфондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Кубат Сапарбаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Муканов фонддун аймактагы ишмердүүлүгү жана жетишкен жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, Баткен облусу ОМС полистерин ишке ашырууда лидерлик позицияны ээлеп, калкты медициналык камсыздандыруу менен камтууда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.
Ошондой эле ал ММКфондунун каржылык каражаттарынын эсебинен медициналык мекемелерге заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынганын жана бул иш быйыл да улантыларын белгиледи.
Мындан тышкары, медициналык уюмдарды дары-дармек менен камсыз кылуу жана калк үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.
Өзүнчө ММК фондунун Баткен облусуна болгон иш сапары тууралуу маалымат берилди. Анын алкагында делегация Раззаков, Кулунду жана Сүлүктү шаарларына барып, медициналык мекемелердин иши менен жеринде таанышып, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, тармактагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты.
Мамыржан Рахимов ФОМСтун ишмердүүлүгүн колдоого даяр экенин билдирип, орун басарына калкты ОМС полистери менен камтууну мындан ары да кеңейтүү боюнча ишти күчөтүүнү жана аймактык башкармалык менен тыгыз кызматташууну тапшырды.