www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 939 орундуу кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, мамлекеттик казынадан каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 2540 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп курулат. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт зал каралган. Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулууда.
Бүгүнкү күндө ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу иштеп жаткан мектепте 4385 окуучу билим алып, орун тартыштыгы жаралган. Бул көйгөйдү чечүү максатында Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жаңы кошумча корпус куруу иштери башталган.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, эки нөөмөт менен 2000ге жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт.