www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертет.
Министрликтен билдиришкендей, бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилген.
Агартуу министрлигинин № 593/1 буйругуна ылайык:
- «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
- мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу;
- мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
- ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.
Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшү керек.