www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов ведомствонун Баткендеги бириктирилген кампасында болжол менен 42 тонна гуманитардык жардам калганын айтты. Бул тууралуу журналисттерге билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, ӨКМ аркылуу 12 айыл гумжардам алышты. Ал жашоочулар кайдыгер эмес жарандар өздөрү алып келип берип атышкан жардамдарды да алып жатышканын кошумчалады.

Акматов жалпы 538 тонна гумжардам келип түшкөнүн, ал дароо муктаждарга таратылып берилгенин билдирди.

Бүгүн, 4-майда Бишкектен жана башка облустардан кошумча гумжардам келүүсү күтүлүүдө.

"Кайдыгер эмес бардык жарандарга ыраазычылык айтам. Каражат чогулткусу келгендер аларды түздөн-түз жашоочуларга өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Бийлик дагы жарандар акча жөнөтө ала турган атайын эсеп ачты", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости