www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган  Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова, Айнура Аскарова, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Гүльшат Асылбаева жана Дастан Бекешев Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркаган тургундарын барып көрүштү. Бул тууралуу ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда жабыркагандардын бир бөлүгү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыланып жатышат. Депутаттар алардын ден-соолугун, дарылоо кандай жүрүп жаткандыгын сурашып, жарадар болгондорго батыраак айыгып кеткиле деген каалоолорун айтышты.

Улуттук госпиталдын башкы врачы Токтобай Манаев азыр бул мекемеде 11 адам медициналык жардам алып жатышканы, алардын бирөө аскер кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар экендиги тууралуу маалымат берди. Ок тийип, жарадар болгондорго операция жасалган. Азыр алардын баары дарыгердердин дыкат көзөмөлүндө.

Ошентип кырдаал курч учурунда чээнге кирип кеткен 6-чакырылыштын “айдама артистери” өлүмүш” болуп жаракат алгандардын абалы менен таанышып жүрөт.

Уят деле жок экен!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости