www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакка алынуу кезеги Төрөбай Зулпукаровго келдиби?

«Биримдиктин» лидери Марат Аманкулов «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен камакка алынды. Депутат болуп туруп жер жайнаган мүлктөрү менен коомчулуктун оозун ачырды. Партиянын экинчи «көрөр көзү» Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынан иштен алынды. Эми оңго-солго которгон миллиондорду органдар текшереби, же тек коюшабы? Көрө жаталы.

«Биримдиктин» дагы бир кыйыны Төрөбай Зулпукаровго түрмөдөгү Курманбек Дыйканбаев миллиондорду «сугунганы» боюнча көрсөтмө бергени ыраспы? Эгер мындай болсо, эмне үчүн иш козголбой жатат? Курманбек Дыйканбаев мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өкүлү катары бизнесмендерге таасир жаратып, «Дастан» заводунан миллиондорду шефине өөнөп бергени калппы?

Айтор, суроолор көп. Деги эле бул жааттагы коррупциялык мафияга жаңы бийлик чечкиндүү кирише албай, мокоп атканын кандайча түшүнөбүз?

Булак: Азия News гезити

Последние новости