www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалымат каражаттарында Өмүрбек Бабановго 13 кылмыш иши козголгону, 3,5 миллиард мамлекетке төлөмөр болгону каңкууланбады беле? Эми Бабанов 100 миллион сомду мамлекетке төлөп коюп, кылмыш иштеринен кутулуп кеткени кандай? Бул боюнча коомчулук да нааразы болууда. Кызыгы, мамлекетти каалашынча уурдап, аягында арзыбаган акча берүү менен кутулуп кетсе болобу? Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.
Маалыматка ылайык, мындай чечимге анын жана туугандары тарабынан жарандардын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон.
Эске салсак, Бабанов мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөн.
Булак: NazarNews.kg