www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы комиссия бир натыйжа чыгарышы зарыл”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинде алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай алтын өндүрүлдү. Былтыр бир жыл ичинде канчалаган унций же тонна алтын казылып жатат. Бир унций алтындын баасы дүйнөлүк рынокто 1,5 миң доллардай турганын эске алганда, өндүрүлгөн бир жылдык алтындын дүң баасы 800 миллион доллардан ашат. 2009-жылдагы келишимге ылайык, “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33 пайызды түзгөн. 2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5 пайызга түшүп кетишине жол ачкан. Ошондуктан азыркы комиссия бир натыйжа чыгарып, бул маселени Кыргызстандын пайдасына чечиши керек”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости