www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Он айдан бери мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар Кыргызстандын элине, саясатчыларына жана активисттерге Кайрылуу жасашты.
Төмөндө тексти өзгөртүүсүз беребиз:
"Урматтуу мекендештер!
Эгемендиктин ээси демекчи сиздерди 31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана кыргыз эли үчүн майрамдардын майрамы болгон эгемендик күнү менен куттуктайбыз.
Ушул күнү ар-бириңиздер үй-бүлөңөр, жакындарыңар менен бирге болуп майрамдаңыздар. Үй-бүлө, элибиз бөлүнбөсүн. Кыргыз жери кемибесин.
Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр, шаңдуу жашоо, байгерчилик турмуш, эркиндик каалайбыз.
Дүйнө жүзүндө өз мамлекети, анын көз карандысыз, эгемендүү болушуна умтулбаган бир дагы эл жок. Нечендеген элдер өздөрүнүн көз карандысыздыгына канын төккөн улуу күрөштөрдө жетишкен.
Биз СССРди түзгөн мурдагы 15 Союздук Республикалардын элдери бактылуу элденбиз. Анткени эгемендүүлүгүбүз кансыз, сүйлөшүү жолу менен чечилген.
Андан бери 32 жыл өттү. Муундар алмашып жатат. Ар-бир республика эгемендүүлүгүн бекемдөөдө, алга карай өнүгүүдө өз жолун өздөрү аныкташты.
32 жылда Кыргызстанда 2 элдик революция, бир төңкөрүш болду. 6-Президент иштеп жатат. 12 жолу баш мыйзамыбыз – Конституция өзгөртүлдү, жаңыланды. Башка республикалардын көпчүлүгүндө 32 жылда болгону экинчи Президенттери менен жашап жатышат.
Бул тарыхий фактыларды да салыштырып, ойлонуу керек.
Өзүн-өзү сыйлаган элдерде, эгемендүүлүк күнүндө “биз ким элек, ким болдук, эмнеге жетиштик, эмнени жоготтук?” – деген суроолорго жооп издешет. Ошого жараша салтанат болот.
Биз кыргыздар да эртең 31-августа кимибиз кайда болбойлу, ушундай суроолорду бири-бирибизге берели да, туура жообун тапканга аракет кылалы.
Себеби Кыргызстаныбыз бирөө эле! Аны жоготуп алууга укугубуз жок.
Алгач эгемендүүлүгүбүз жарыяланган (1990-ж. 15.12.), Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялаган (1991-ж. 31.08) Декларацияда, андан берки кабыл алынган бардык Конституциябызда (12 жолу):
- “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы..”
- “Мамлекеттик бийлик, элдик бийликтин үстөмдүгү принцибинде ..., өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырат ...”
- Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсыл бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат ..” ж.б.у.с. мамлекеттик бийлик, эгемендик – баары элге гана таандыгы, кызмат кылары так көрсөтүлгөн.
Иш жүзүндө кандай? 32 жыл бою Кыргызстандын эгемендигине, мамлекеттик бийликке 6 Президент, анын үй-бүлөсү, жакындары ээ болуп, мамлекеттик бийлик органдары элге эмес, Президенттерге, алардын үй-бүлө, жакындарына кызмат кылып жатканы ачуу чындык!
Декларация, Конституция:
- “КРнын аймагы кол тийгис”;
“Жер, суу, кен-байлыктары ж.б. жаратылыш ресурстары Кыргызстандын элинин менчиги” – деп да бекитилген.
Бирок 32 жыл ичинде “кол тийгис” делинген аймагыбыз, жер, суу, кен-байлыктарыбыз, башка стратегиялык обьектилер президенттердин жеке менчиги сыяктуу коңшу өлкөлөргө, чет элдиктерге “сатылып”, берилип келгени азыр да улантылып жатканы талашсыз чындык.
Декларация, Конституцияларыбызда:
- “КРнын президенти Конституция жана Коснтитуцияда бекитилген адам укуктары менен эркиндиктеринин кепили ..” – деп да бекитилген.
Бирок иш жүзүндө 32 жылдан бери Кыргызстанда өз пикирин ачык айткандар, мекенибизди “сатпа”, элдин байлыгын уурдаба, Конституция, мыйзамдарды бузба дегендер, президенттерден башкача ойлонгондор, ошол кепилдик берилген президенттер тарабынан үй-бүлөсүнө чейин куугунтукталып, мыйзамсыз камалышып, алды атылды.
Ошентип 32 жылда Президенттердин жеке үй-бүлөлүк, кландык, кылмыштуу башкаруусу Кыргызстанда бекем орноду.
Көз карандысыз эл аралык уюмдардын, серепчилердин тыянактары боюнча 32 жылда Кыргызстан алдыга эмес, артка өнүгүп, коррупцияланган, өндүрүшү жок, жумушсуздук күчөп жаткан, адам укугу менен эркиндиктери сакталбаган эң жарды өлкөлөрдүн катарына кошулду.
Ал эми Кыргызстанды ушул абалга түшүрүшкөн 6 президентибиз үй-бүлөсү менен чет өлкөлөрдө жашаган бай адамдардан болушту.
32 жыл башкарышкан президенттер үй-бүлөлүк башкаруу жолунан кетишкен жок. Болгон айырмасы бири аялы, бири балдары, бири туугандары, бири шопуру, жансакчы, катчылары, дагы бири досу менен башкарган гана айырма бар.
Алар үстүбүздөгү жылдын февраль айында, чет өлкөдө “Президенттердин лигасын” түзүшүп, тарапташтары менен “бир муштумга” биригишкенин да ачык жарыялашты.
Жер, суу, кен-байлыктарды, көл жээгендеги пансионаттарга, Кумтөрдүн алтындарына чейин сатуу үй-бүлөнүн ишине айланганы ачыкка чыкканда, азыркы президенттин берген жоопторунан кийин ойлонбоого аргабыз жок калды.
Эл кыйналып, жер, сууларыбыз сатылып жатканда үнүн чыгарбаган мурдагылардын баарын, эртең 31-августа, алардын арасында Кыргызстанды ушул абалга алып келишкен мурдагы президенттерди, өздөрүнүн “баатырлары” 32 жылдан бери өлбөстөрдөй болуп, бекем социалдык топко айланышкан кошоматчы, алдамчы, саясий сойкулар (ПКАССчылар) менен бирге Президент С.Жапаровдун көзүнө көрүнүп калалы деп, чет өлкөлөрдөн жетип келишип, “Садикелеп” самсалап ээрчип жүргөнүн сөзсүз көрөсүздөр.
Анткени алар өздөрүн Кыргызстанга эгемендүүлүктү алып келген, орноткон адамдардай сезишет. Аларда уят, намыс жок!
Биз 10 айдан бери мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар, 32 жылдан бери Кыргызстандын саясий түзүлүшүндө, башкаруу системасында бекем орноп калган президенттердин үй-бүлөлүк, өзүм билемдик, кландык, мыйзамсыз жеке башкаруусун токтотуунун, сындыруунун жаңы жолун коомчулукка 31-август – көзкарандысыздык күнүнө карата сунуштоону чечтик.
Ал мурдагы революция, төңкөрүш жолдорунан кескин айырмаланат. Анткени Кыргызстанды мындан ары да Президенттин, анын жакын, тар чөйрөсүнүн менчигине берип коюуга тап-такыр укугубуз жок. Кыргызстан биротоло сатылып, чачылып кетүү коркунучунда турат.
Президент С.Жапаров мамлекетти башкарууга кудуретсиз экенин көрсөттү. Орус туугандарча айтканда “дальше некуда”!
Ошондуктан:
1. Ал кызматынан токтоосуз кетүүгө тийиш. Бирок кандай жол менен, маселе ошондо жатат.
Биз Кемпир-Абадчылар С.Жапаровдун мурдагыдай радикалдуу революция же төңкөрүш жолу менен кетирилишин каалабайбыз. Аны башыбыздан үч жолу өткөрдүк. Кайрадан жаңылууга, алданууга укугубуз жок.
Кыргызстанда Президенттер кандай жол менен бийликке келсе, ошондой жол менен бийликтен кетүү өнөкөткө айланган. Ал өнөкөт боюнча С.Жапаров төңкөрүш жолу менен кетирилиши керек. Биз бул өнөкөттү да бузалы, андайга жол бербейли деген ойдобуз.
Биздин оюбузча С.Жапаров элдин көчөгө чыгышына жеткирбей эстүүлүк кылып, өз ыктыяры менен кызматтан токтоосуз өзү кеткени туура болот.
Экинчи жол. Импичмент жолу менен кетирилүүгө жатат. Эки жол тең мыйзамдуу жол.
Бирок С.Жапаров ошого Жээнбековго окшоп бара алабы? Жогорку Кеңеш импичмент маселесин көтөрө алабы? Кеп ошондо жатат.
Биз Кемпир-Абадчылар С.Жапаровго 7 эпизод менен айып койгонубузду, аны Жогорку Кеңешке сунуштаганыбызды билесиздер.
С.Жапаровдун акыркы жолу баласы, пансионаттар тууралуу сүйлөгөн сөздөрүнө караганда ал эйфорияда, асманда жүрөт. Кетирип жаткан тарыхий каталарын сезбейт.
Импичментке негиз болуп жаткан жорук, жосундарын ал нормалдуу, мыйзамдуу деп эсептейт.
Ошого байланыштуу биз С.Жапаровдун мындан ары бийликте болушуна каршылардын пикирин, оюн билүү үчүн “Биз Каршыбыз” деген долбоорду коомчулукка талкуулоого чыгардык.
Максатыбыз Президент С.Жапаровдун досу Ташиев, инилери, балдары менен Кыргызстанды өз менчигиндей “сатып” жок кылганга жол бербей, бирге каршы туруу.
С.Жапаровдун мөөнөтүнөн мурда кызматынан өз ыктыяры менен же импичмент жолу менен кетишин колдогондор бизди колдоп, “Биз Каршыбыз” аттуу оппозициялык саясий-коомдук кыймылга биригүүгө даярлар соцтармактар аркылуу өз оюңарды, аты жөнүңөрдү ачык билдирүүгө тийишсиздер!
Люстрация башталды.
Кимдин ким экенин сынап көрөлү! Мөөнөтү бир ай. Айрыкча мекенибиз “сатылып”, элдин байлыгы чачылып жатканда үнүн чыгарбай отургандарга, кускуч саясатчыларга, шайлоодо келе калып элди сатып алам деп, акчасына ишенип жүргөн көпөс, саясий сойкуларга эскертебиз.
Үнүңдү бүгүн чыгар, эртең кеч болот. Президент, депутат болом десең элиң менен экениңди бүгүн далилде!
2. Кокус саясий жагдай өзгөрүлүп кетсе, мурдагыдай “И.О. Президент”, дароо шайлоо болбойт. Андан өттүк!
Биздин пикирде оболу кеминде үч жылдык өткөөл мезгил аныкталып, ал мөөнөттө тазалануу болот. Эски саясий муунду жаңы, таза, жаш муун алмаштырат. Анан гана жаңы Кыргызстандын бийлиги куралат. Сиздин пикир кандай?
Кыргызда “жетинин бири Кыдыр” – деп, 7 санын ыйык тутат. Буюрса 7-Президентибиз, мурдагы 6 президенттин жолунан кетип, Эгемен Кыргызстандын алга өнүгүүсүндө ата-бабалардын заманбап жолуна түшөт деген үмүттөбүз!
Өткөөл мезгилдин бийлиги болуп “Биз каршыбыз” саясий-коомдук кыймылына кирген саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөр түзүлгөн Координациялык Кеңеш (Убактылуу бийлик) эсептелет.
Координациялык Кеңеш “Биз каршыбыз” кыймылынын ишин жетектейт. Өткөөл мезгилде 32 ичинде Кыргызстанды “соруп жеген” мителерден, президенттердин буйруктарын аткарышкан морионеткалардан Кыргызстанды тазалайт.
Тазаланууну ар-кимибизге өзүбүздөн баштоо талап кылынат. Замандаш, биздин пикир долбоор катары сиздердин талкууңуздарга чыгарылды. Азыркы Жапаров-Ташиевдин кош бийлигинин мыйзамсыз жоруктарына каршы болсоң үн кош.
“Биз Каршыбыз” кыймылына кошул!", - деп жазылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg