www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош УВДсынын 2010-жылдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун 30 жыл ИИМде иштеген эмгеги үчүн алган пенсиясын Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков алып жатат. Себеби, 2010-жылдагы Оштогу кыргыз-өзбек ортосундагы жаңжалдын чыгышына Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков күнөөлү экенин айтып чыккан болчу. А.Капаровдун айтымында Оштогу туруксуздашып бараткан абалды, кыргыз өзбек ортосундагы курчуп бараткан кырдаалды жөнгө салууга күч органдарына миллиондогон каражаттар келген.
Бирок, каражатты бир тууган Жээнбековдор бөлүшүп алышкан.
«Оштогу абалды жөнгө салууга келген каражаттан Ош УВДсына акча алып милицияны күчтөндүрөйүн деп ӨКМ министри Д.Чотоновдун чакыруусу менен Сооронбай Жээнбековдун кабинетине бардым. Ал жерде Асылбек Жээнбеков менен Сооронбай Жээнбеков сумкаларга салынган акчаларды алдына коюп алып туруптур. Мени көрүп алып эле чочуп кетишип, жини келе баштады. Каражат сурасам бербей коюшту. Ошентип миллиондогон каражатты алар бөлүшүп алышты. Жыйынтыгында курчуган абалды турукташтыра албай, жаңжал уланып эл кырылды»,-деген А.Капаров.
Ушул сөзү үчүн Сооронбай Жээнбеков Абдылда Капаровду сотко берип утуп алып, учурда СИЗОдо камакта жаткан Абдылда Капаровго тийчү пенсияны өзү алып жатат.
Булак: "iskra.kg"