www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-июль камакта жаткан экс-премъер министр Сапар Исаковдун туулган күнү экен. Интернет айдыңында, социалдык тармактарда Исаковдун колдоочулары активдүүлүгүн көрсөтүшүп, көптөгөн каалоо-тилектерин билдиришти. Айрыкча Сапарды колдоочулардын арасынан жаштар жана Апалар басымдуулук кылып жатат. Ага карата билдирген куттуктоолордун ичинен айрымдарына гезит бетинен орун бердик.

Бакыт: -Урматтуу Сапар Жумакадырович! Туулган күнүңүз менен куттуктайм. Ар бир саясий ишмердин жолу оор-кыйыштар, тынымсыз сыноолор менен коштолот. Ошол сыноону сиз учурда башыңыздан кечирип жатасыз. Мындай татаал учурду татыктуу өткөрүп жибериңиз. Чын ден-соолук, адилеттик жана зор ишеним каалайм.

Лира Орумбекова: -Туулган күнүң кут болсун! Кайрат жана сабыр тилейм! Бул күндөр да өтөт...

Бакыт Субанов: -Сапар Джумакадырович! Туулган күнүңүз кут болсун! Бекем ден-соолук, ка-жыбас кайрат каалайм! Бардык нерсе убактылуу. Бардыгы жакшы болушуна биз ишенебиз.

Балбак Түлөбаев:- Куттуктайм! Ден соолукта болуңуз. Тез арада арабызга келиңиз.

Пчелла би: - Сапар уулум, ден-соолук каалайм. Үй-бүлөңө, апаңа бакыт каалап, бардык энелердин атынан. Уулум, сен кыргыздын бүркүтүсүң, арстанысың, сени апалар сүйөбүз.

Айгүл Жанбаева: -Сапар, туулган күнүң кут болсун! Эр жигиттин башына эмнелер гана келбейт. Мындай кыйын күндөр да өтөт. Сенин эркиң күчтүү жигит экенине мен ишенем! Орустар айтмакчы «Прорвемся!». Ошондуктан бекем бол! Күнөөң жок экенине мен эле эмес көпчүлүк кыргыз эли ишенишет! Чыдамсыздык менен акталып, жеңип чыгышыңды күтөбүз! Кудайым өзүңө күч-кубат берсин! Биз жүрөгүбүз менен сени колдоп, бирге болобуз. "Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар» дегендей, кыйынчылык башыңа түшүп, кыйналып турган учуруң. Кыргыздын кыраан, кайраттуу жигити катары бул кыйынчылыкты жеңесиң деп ишенем! Өмүрлүү бол! Бар бол! Аман бол! Кем болбо! Эсиңде болсун, бул күндөрда өтөт...

Калыс Усупбеков: -Сапар Джумакадырович, туулган күнүңүз менен куттуктайм, бардык жакшылыктарды каалайм, ден-соолугуңуз чын болсун. Ак ийилет, бирок сынбайт!

Вера Муканбетова: -Сапар! Бүгүнкү өздүк майрамың кут болсун! Дүйнөдөгү адам баласына берилүүчү бардык жакшылыктарды каалайм! Эң негизгиси ийгилик коштоп, өмүрүң узун болсун! Айланаңда жакшылык гана болуп, душманың такыр болбосун! Кудайым берээрин унутпасын эрк майтарылып, үмүт, кыялдар сынбасын! Душманды Кудай жазаласын! Бар болуп, бай бол!

Салтанат: - Сиз кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бирисиз. Эч качан чөкпөңүз! Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө ден-соолук, сабырдуулукту каалайм. Жыргал Турусбекова: -Дайыма ушундай мээримдүү жана ак көңүл бойдон калыңыз. Бактылуу болуңуз, бул убактылуу адилетсиздик батыраак артта калсын.

Алтынбек Таджиев: -Ит үрө берет, кербен жүрө берет дейт даанышман элибиз. Адилеттүүлүк үчүн акыр аягына чейин бекем туруңуз. Кимдин ким экенин биз жакшы билебиз. Маанайыңыз эч качан чөкпөсүн! Туулган күнүңүз кут болсун!

Тариэл Сарыгулов: -Сиз өлкөдөгү прогресстин кыймылдаткыч күчүсүз. Мен сиздин кенедей да күнөөңүз жок экенине ишенем. Сизди туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм!

Даярдаган Нуркыз БАКАСОВА

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости