www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) абактан кат жолдоду. Бул тууралуу анын жубайы өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Билдирүүдө:

--«Мен Кудайберген уулу Тилекмат, «Туран» саясий кайра жаралуу партиясынын катарынан чыгып жатканымды билдирем. Расмий арызды абактан бошогондо жазып берем. «Туран» партиясынын жетекчилигине жана мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем, жана ийгилик каалайм»

Урматым менен Тилекмат Кудайберген уулу», - деп жазылган.

Эске салсак, Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан. Кийин ал ачкачылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости