www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын 19-майдагы баяндамасында айтылгандай, Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттери башталгандан бери 3811 жай тургун каза болуп, 4278 жай тургун жаракат алган.
Каза болгондордун арасында — 1429 эркек, 937 аял, 87 кыз, 98 эркек бала бар, анын ичинде 70 баланын жана 1190 чоң кишинин жынысы азырынча белгисиз. 774 эркек, 528 аял, 103 кыз, 115 эркек бала жарадар болуп, алардын арасында 164 баланын жана 2594 чоң кишинин жынысы азырынча тактала элек.
«Донецк жана Луганск облустарында:
4422 киши жабыр тарткан (2099 адам каза болуп, 2323 киши жарадар болгон).
Өкмөт көзөмөлдөгөн аймакта: 3794 адам (1973 адам каза болгон жана 1821 адам жарадар болгон).
Орусияга караштуу куралдуу топтор көзөмөлдөгөн аймакта: 628 киши (126 адам каза болуп, 502си жарадар болгон)», деп айтылат маалыматта.
Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында, жай тургундардын курмандыктарынын көбү чоң аймактагы жарылуучу куралдардын, анын ичинде оор артиллериянын жана бир нече ракеталык чабуулдардын, ошондой эле ракеталык жана аба соккуларынан улам болгон.
БУУ өлгөндөрдүн жана жарадар болгондордун иш жүзүндөгү саны алда канча көп деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg