www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда даарыланып жүргөн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларынын айыптоосу боюнча кыргыз элине кайрылып, иш сапардан келери менен биринчи кезекте үчөөсүн ээрден шыпыра турганын «Жаңы Ордо» гезити жазып чыкты.

Ага кошумча, «Алар боюнча менин божомолдорум, шек саноолорум туура чыкты. Себеби, Ташиев, Бектурганов жана Рахматуллаевдер жүрүп жаткан реформаны саботаж кылып, анысы аз келгенсип бут тосушту. Жети-Өгүздөгү пара спектаклинин» артында кимдер турганы азыр ачыкка чыкты.

Анткени, алар билим берүү мекемелеринин ээлерине маалыматтарды ачыкка чыгарып, сулуулук салондордун иши боюнча сын-пикирлерге көңүл бурбай, фармацевтика тармагындагы мыйзам бузуулар, жеке клиникалардын жана лабораториялардын ишиндеги мыйзамсыз иш-аракеттер, коомдук тамактануучу жайлардагы антисанитариянын сакталбагандыгынын натыйжасында адамдардын массалык уулануусу катталып жатат.

Бирок, санитардык тармагын караган орун басар буга өз учурунда көңүл бөлбөй «кайдыгер» мамиле жасап келген» деп, үч орун басар тааныш-билиштин аркасы менен кызматка келип, жаратылуу иш бүтүрбөй, коллектив арасында интрига, ички чыр-чатактар менен күн өткөрүп калышканын ачыкка чыгарды.

Көрөбүз, кимиси кимди жеңер экен, деп жазат «Жаңы Ордо» гезити.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Германияда дарыланып жүргөн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «запойго» кирип кеткендигин жанындагылар билдирди.

Министрдин иш сапары 29-майда аяктап, 1-июнь Балдар күнүнө карата Ысык-Көлдөгү понсионаттардын биринин ачылышына катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости