www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы жаңжал боюнча УКМКнын тергөө абагында отурган "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин адвокаты Жогорку сотко арыз жолдойт. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашев “Азаттыкка” кабарлады.

Адвокат Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун Калиевди бөгөт чарасын камакка алуу боюнча чечими туура эмес деп, Жогорку соттон бул чечимди четке кагууну өтүнүүдө.

Жумашевдин айтымында, Калиевдин ден соолугу начарлап, абакта өнөкөт оорулары козголуп жатат.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында отурат.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости