www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы Жеңиш Молдокматов депутаттарга кайрылуу жолдоду

Бүгүн, 14-майда камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Кайрылуусу социалдык баракчаларына жарыяланды.

Саясатчы кайрылуусунда алгач 6-майда ИИМдин Тергөө кызматына 5-6, 9-октябрдагы окуялар боюнча күбө катары чакырылып, Жазык кодексинин 245-бер. 1-бөлүмү "Имараттарды жана курулмаларды басып алуу" менен шектелип, саат 20:00дө Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынганын, кийин, 8-майда аталган берене Жазык кодексинин 264-беренеси 1-бөлүмү "Массалык баш аламандыктарды уюштуруу" деп өзгөртүлүп, Биринчи Май райондук соту 6-июлга чейин камакка калтырганын жазган.

Ошондой эле ал камалгандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин мыйзамды одоно түрдө бузуулар болуп жатканын айткан.

"2020–жылы октябрь окуяларынын жыйынтыгында Садыр Жапаров абактан бошоп, ага карата козголгон кылмыш иштери жокко чыгып, же сот аркылуу акталып, президент болгонго чейин жетишти жана Садыр Жапаров демилгелеген Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынды.

Белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, юристтер белгилегендей: "Баш аламандыктарды уюштуруу" беренеси менен мени күнөөлөп, эркиндигимен ажыратуу – бул бийлик тарабынан мага карата саясий куугунтугу деп эсептейм", - деп айтылат кайрылуусунда.

Мындан сырткары ал депутаттардан Жогорку Кеңеш тарабынан атайын депутаттык комиссия түзүлүп, 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар ар тараптуу изилденип, саясий баа берилишин суранган.

"Ошондогу бийлик алмашышы төңкөрүш болгонбу? Же бийликти күч менен басып алуубу? Же кээ бири айткандай, революциябы? - деген суроолорго так жана даана жооптор берилип, октябрь окуяларына официалдуу "макам" берилиши керек деп эсептейм. Ошол эле депутаттык комиссия тарабынан мага карата козголгон сотко чейинки өндүрүштүн мыйзамдуулугун, аны териштирүүдө жол берилген мыйзам бузууларды дагы карап чыгып, аларга дагы баа берүүсүн суранам жана Конституциялык укугума ылайык талап кылам" , - дейт саясатчы. 

Кошумчалай кетсек, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") боюнча айып тагылган. 8-майда 264-берене менен 2 айга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости