www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы журналист бошотулабы?

«Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму көз карандысыз Turkmen.news басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга Түркмөнстанды чакырды.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, Халыков былтыр жайында коронавирус боюнча абалды баалоо үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.

Маалыматка караганда, быйыл июлда Халыков сүрөттү "Инстаграмдан" көрүп калып, Turkmen.news сайтына жиберген.

Ошондон кийин сүрөттү жарыялаган автор аны өчүрүп салган, журналист полицияга суракка чакырылып, аны менен байланыш үзүлгөн. Октябрда ал шылуундукка айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болгон.

Уюмдун билдирүүсүндө Нургелды Халыковго жалган жалаа менен айып тагылып, жаза берилгени жана ал абакта кыйноого кабылып жаткан болушу ыктымалдыгы айтылат. Анын камалышы өлкөдөгү эркин басма сөздүн акыркы өкүлдөрүнүн оозун жабуу аракети катары бааланган.

Түркмөнстандын бийлиги ушул кезге чейин өлкөдө коронавируска чалдыккандар бар экенин четке кагып келет. Бирок бийлик карантиндик катуу чараларды киргизген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости