www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев “Коррупция” беренеси боюнча камакка алынганы кабарланган. Ошондон бери ың-жыңсыз. Бир айга жакындап калды. Актануусун же өзүн коргоо менен каршылык көрсөткөнүн деле уккан жокпуз. Анын жакындарынын айтымында, Айтмамат Кадырбаев “кусканга” каражат таппай, кыйналып жаткан имиш.
Мамлекетке 2 миллион доллар төгүү вазыйпасы талап кылынганбы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Экс-мэрди туугандары анчалык бай эмес экенин каңкуулашууда. Бирок күч органдарында жетиштүү маалыматтар болсо керек.
Айтмакчы, Айтмамат Кадырбаев баласына өкүл ата кылып Сапар Исаковду койгону узун элдин учуна тараган. Түпкүлүгүндө Алмазбек Атамбаевге жакын кадр катары белгилүү. Ушундай. Азырынча абактагы абалы, саламаттыгы жагынан толук кандуу маалымат деле жок. Соодалашып чыгабы, же өз принцибине бекем турабы?..
"Азия Ньюс" гезити