www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси кеңири талкууланып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү маалымдайт:

2006-жылдын 8-ноябрындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен А.К.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 167-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, мамлекет пайдасына 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жаза чарасы дайындалган.

2016-жылдын 11-февралындагы ошол эле соттун өкүмү менен А.К.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 28-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 (он эки) жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.

2016-жылдын 12-майындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 11-февралындагы өкүмү өзгөртүлгөн. А.К.К. төмөнкү кылмыштарды жасаган деп табылган:

• Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча – мүлкүн конфискациялоо менен 6 (алты) жылга эркинен ажыратуу;

• Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча – 3 (үч) жылга эркинен ажыратуу.

Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 59-беренесине ылайык, кылмыштардын жыйындысы боюнча А.К.К.га акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 (жети) жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.

А.К.К. сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөн.

Последние новости