www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев КР Президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жасады.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мени Сиздин өзүңүзгө түз кайрылууга мажбур кылган жагдай түзүлүп калды. Анткени менин тагдырыма адилетсиз мамилелер күч алып кетти. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Бишкектин Ала-Too аянтында белгилүү мамлекеттик ишмер Садыр Жапаровду коргоо тынчтык митинги уюштурулган. Ал иш-чаранын эч кандай антиконституциялык ниети жок болчу.
Бул тынч митингдин бир гана максаты болгон, ал максат республиканын жетекчилигине, Жогорку Кеңештин депутаттарына мамлекетибиздин граждандарынын экс-депутат Садыр Жапаровдун конституциялык укуктарын жана эркиндигин коргоо жөнүндөгү ой-максаттарын эл алдында жарыялап, жеткирүү болгон. Бул тынч митингдин ушул максаты жөнүндө ооз эки да жазуу жүзүндө да укук коргоо мекеме кызматтарына, Мэрияга билдирилип, жетекчилери менен макулдашылган болчу. Ошол каттарда жана сүйлөшүүлөрдө укук коргоо мекемелеринен ушул тынч митингге келген граждандардын коопсуздугун, коомдук тартипти коргоо жана сактоо боюнча өтүнүч, сунуштар билдирилген эле жана макулдашылган болчу.
Бирок, тилекке каршы укук коргоо кызматкерлери тарабынан ушул митингде коомдук тартипти коргоо боюнча иштер өз убагында, тез, ыкчам аткарылбай, тынч граждандардын арасында митинг бүткөндө пайда болгон провокаторлор атайлап коомдук тартипти бузушуп, тынч митингди ызы-чуу кылышып тополоң чыгарышты. Ушул коомдук тартипти бузуу тынч эле өткөн жана бүтүп калган митингди, мен башка модераторго (алып баруучуга) өткөрүп берип кеткенден кийин болуп жатат. Мени УКМКнын кызматкерлери ошол күнү кечинде митинг бүткөндөн кийин өз үйүмдөн саат 19.30 кармап, алып келишти жана биринчи күбө катары сурап, андан кийин шектүү катары камап коюшту.
Ишти тергеген укук сактоо органдары тынчтык митингдин аракетин башка нукка бурушуп "бийликти күч менен басып алуу аракети болгон" деген түшүнүктү коомчулукка таңуулап киришти. Бул мага коюлган жалган жалаа деп чечкиндүү түрдө айта алам! Алар өздөрүнүн мындай мыйзамсыз тергөө амалдарын эч кандай далилдик базалары жок эле жүргүзүп келе жатышат. УКМКнын органдары бизди "бийликти күч менен басып алууга” ниеттенген "кылмыш тобу" катары элге жайып жиберишти. Алардын мындай аракеттерин мен чечкиндүү түрдө "мыйзамсыз" деп эсептейм жана өзүмүн жарандык, адамдык укугум үчүн бүткүл акылым жана күчүм калгыча тайманбай каршы күрөшөм. Мен элдин жана мыйзамдын алдында акмын.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик кодексинин 17-беренесинде ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт.
Мага коюлган күнөө боюнча азыр бир да далил жок. Ошого карабастан мени 2-мартта камакка алгандан бери расмий түрдө бир жолу гана суракка чакырышты. Адамдын ден-соолугуна терс өбөлгөсүн тийгизе турган шартта, мына 70 күн суроо-сопкуту жок эле отурам! Анын үстүнө мени менен башка күбөлөрдүн ортосунда бир дагы жекече беттештирүү иш-чараларын же тергөө амалдарын өткөрүшкөн жок! Мага "кылмышты уюштургуч" деген күнөөнү тагышкан соң, жогоркудай зарыл болгон тергөө амалдарын ыкчам өткөрүүгө аларга ким же кандай себептер тоскоол болууда? Ошол митингге катышкан адамдардын ичинен бирөөсү дагы мага каршы көрсөтмө бере тургандары чыкпаса керек деп ойлойм. Анткени, эч кандай антиконституциялык чакырыктар жана аракеттер болгон жок! Болушу мүмкүн эмес! "Ала-Too" аянтындагы менин сүйлөгөн сөздөрүм жана кыймыл-аракеттерим түрдүү телевизиондук каналдар аркылуу жазылып алынган жана бүгүнкү күндөрү эркин форматта элдин баары көрүп отурушат.
Тилекке каршы митингдин катышуучуларынын арасында провокаторлор болушуптур. Ушуга байланыштуу мен митингге чейин ИИМ, Бишкек милициясынын жана Бишкек Мэриясынын жетекчилери менен жолугушуп, алардан коомдук тартипти камсыз кылып берүүлөрүн 5-6 киши болуп сурагандарыбызды да билдирем. Алар тарабынан бизди суранычтарга макулдук беришкен. Бирок, тилекке каршы, алар тараптан зарыл болгон иш-чаралар аткарылган жок.
Ошондуктан, биз укук коргоо органдарына толук ишеним артып, анан гана өзүбүздүн тынчтык митингибизди баштаганбыз. Провокаторлордун мыйзамсыз аракеттерине укук сактоо органдары тарабынан чечкиндүү каршы мыйзамдык чаралар көрүлөт деген ойдо болгонбуз. Мен саат 17:00 жакын эч кандай жаман оюм жок эле модератордук функцияны башка адамга элдин көзүнчө өткөрүп бергенмин. Менин мындай кыймыл-аракеттеримдин баары видео тасмаларда жазылып турат. Митингдин тынчтык жолу менен аякташына колуман келген баардык аракеттерди жасаганмын!
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мени Сиз өзүңүз көп жылдардан бери тааныйсыз жана билесиз. Менин ишмердик сапатым мен министр, депутат болуп жүргөндөн баштап Сизге белгилүү. Өмүр бою илим жана билим берүү жаатында эмгек сиңирип келем. Мага таңылган "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айыптарына Сиз деле ишенбешиңизди мен түшүнүп эле турам. Эл болсо эч качан ишенбейт жана андай мыйзамсыз жалааны кабыл албайт! Мен өзүмүн мыйзам алдында ак экендигимди далилдөөгө кудуретим жетет. Анын үстүнө УКМК менен бирдикте орун алган окуяны объективдүү жана адилет изилдеп, чындыкты орнотууга чечкиндүү түрдө бел байлап отурам. Бул - биринчи кезекте тарых үчүн керек.
Адилеттүүлүк орун алса гана карапайым калк ишенет жана Сиз жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты активдүү колдойт.
Ошондуктан, Сизден бүгүнкү күндөгү менин айланамда орун алган кырдаалды жеке көзөмөлгө алууңузду суранам. Мени камактагы абалымды ден-соолугум кескин түрдө оорлошуп кеткенине карабастан, тергөөчү тарабынан менин баш коргоо чарамды өзгөртүп берүүгө каршылык көрсөтүлүп келүүдө. Мен үйдө отуруп, бүгүнкү вирустук эпидемияга байланышкан чектөө режиминде өлкөгө кандай коркунучтуу кылмыштарды жасап жиберүүм мүмкүн? Сотко чейинки иш-чараларга активдүү катышуу мен өзүм үчүн маанилүү!
2-мартта "Ала-Тoo" аянтындагы тынчтык митингде провокаторлор тарабынан атайын уюштурулуп жасалган баш-аламандыкка, албетте, өкүнөм! Ошол учурда эл арасында болгондо, мындай мыйзамсыз кыймыл-аракеттерге чечкиндүү түрдө каршы чыкмакмын!
Ушул провокаторлор, башкача айтканда атайын тартипти бузгандар укук коргоо кызматкерлери тарабынан аныкталып, алар мыйзам негизинде тийиштүү жоопкерчиликке тартылат деп ишенем, бул укук коргоо кызматкерлеринин милдети деп эсептеймин. Сиз мени түшүнөсүз деп үмүттөнөм!”, - деп жазган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев.
Булак: NazarNews.org