www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камалыш кезек Чыныбай Турсунбековдукубу? Мындай пикирин Фейсбук колдонуучу Бактыгүл Бакытбекова жазып чыкты.
“Бирок Турсунбековду, бийлик менен сүйлөшүп алды дешет. Канткенде да ушактарга ишенбей туралычы. Убакыт далилдейт эмеспи.
Чыныбай Турсунбеков Максимден калган “Акыливестбанкын” морадёрлук кылып алып, аялына бекемдештирип берген. Азыр аялы ээлик кылат. Бишкек арак-заводун бир тууган кайнисине бир миллион долларга жетпеген акчага каттап, кайра алты миллион долларга сатты. Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиевке таандык типографиянын 15% үлүшүнө ээлик кылат. Мына чыныгы морадёрлук.
Мурдагы жылы Жогорку Кеңешке Казакстандан келген ун менен буудайга акциз менен салыкты алып салуу мыйзамын киригизип, өткөрүп алып, салык төлөбөй, өзүнүн чөнтөгүнө бир миллиард сом пайда түштү. Бул акча албетте мамказнага түшүш керек болчу. Анын бул кылыгын Асилбек Жээнбеков өзү жакшы билет.
Мына чыныгы коррупция. Анан Чыке камалбаганда ким камалат? Президент Сооронбай Шарипович, сиз коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгыңызга эл толук ишенет”, деп жазган Фейсбук колдонуучу.
Эске сала кетсек, бизге жеткен маалыматтарга таянсак ТЭЦдеги жемкорлук, тарых музейи боюнча дагы 15 аткаминер камакка алынуусу күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg