www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына барды.
Ал Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып, бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Сапардын алкагында, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушуулар өтөт, Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун илгерилетүү талкууланат, АКШ өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтык каралат.
Ошондой эле Касымалиев Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, санариптик трансформация жана жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.
Сапардын жыйынтыгында Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.