www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чет өлкөлүк номерлүү унааларды легалдаштыруу кампаниясын узартуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу ал Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон учурдагы абал боюнча маалымат берүүнү суранды. Анын айтымында, 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин мындай унаалар үчүн амнистия жарыяланган.

Учурда Ички иштер министрлиги амнистиянын мөөнөтүн узартуу боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун даярдап жатат. Садыр Жапаров бул мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгүн тактоону тапшырды.

Адылбек Бийбосунов бул сунуш долбоордо каралганын белгилеп, жакын арада президенттин кароосуна киргизиле турганын айтты.

Ал эми документке ылайык, чет өлкөлүк номерлүү унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин убакыт берилиши мүмкүн. Бул мезгил ичинде алар унаасын өлкөдөн чыгарып кетүү, тетиктерге сатуу же толугу менен утилдештирүү чечимин кабыл алышы керек.

Последние новости