www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү банкынын каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү макулдашууну дароо эле үч окууда жактырылган.

Биринчи жана экинчи гидроагрегаттар менен бир эле убакта электрэнергиясын иштеп чыгаруу Токтогул суу сактагычынан кыш мезгилинде – 1,4 млрд м3га чейин сууну кое берүүгө жана иштелип чыга турган энергиянын көлөмүн 1,019 млрд кВтс чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, мунун ичинен жаз-жай мезгилинде – 0,864 млрд кВтс чейин, күз-кыш мезгилинде – 0,155 млрд кВтс чейин.

Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы төмөнкү шарттарда (негизги) 110 млн АКШ долларын бөлөт:

- насыянын жалпы көлөмү - 110 млн доллар;

- төлөө мезгили – 20 жыл;

- жеңилдетилген мезгил – 5 жыл;

- пайыздык чени – 1 пайыз.

Белгилей кетсек, Камбарата ГЭС-2 жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт (120 МВтдан 2 агрегат). Камбарата ГЭС-2де кубаттуулугу120 МВт болгон 1-агрегат 2010-жылы ишке киргизилген. Ал эми 2010-жылы Камбарата ГЭС-2нин биринчи агрегаты электр жүктөмүнө кошулган. Камбарата ГЭС-2де иштелип чыккан электрэнергиясы 110 кВ тийиштүү электр тармактары аркылуу КР энергосистемасына энергия

Последние новости