www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кыргыз кыз эжесинен акча өндүрүү үчүн атайын "4 баланын туткунунда" калды Москвада 20 жаштагы кыргыз кыз алдамчылык жол менен эжесинен акча өндүрүү максатына жетпей калды. Бул тууралуу 27-майда Кыргыз мамлекетинин Ички иштер министрлигинин КМШ аймагы боюнча өкүлү Аскат Алиев билдирди.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 26-майда 2 жаран кайрылып, 20 жаштагы кызды 4 бала барымтага алып эжесинен 1 миллион рубль талап кылып жатканын кабарлаган. Бирок териштирүүдө окуя таптакыр башкача болуп чыккан. "2017-жылдын 22-майында Москва шаарынан кыргыз улутундагы 4 бала 20 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранын уурдашып, дареги белгисиз батирге алып барып чыгарбай жатышат деп кабарланган.

26-май күнү уурдалган кыздын Чита шаарында жашап, иштеген 22 жаштагы бир тууган эжесине байланышка чыгышып, сиӊдиси барымтада экенин, аны бошотуу үчүн сиӊдисинин банк карточкасына 1 миллион рубль которууну талап кылышат. Болбосо өлтүрүп, органдарын сатып жиберебиз деп коркутушкан. 27-майда уурдалды деген кыздын жүргөн жери аныкталып жагдай башкача болуп чыкты.

Көрсө 20 жаштагы Айбара аттуу кыз, бир тууган эжесинен акча өндүрүү максатында, окуяны оюнан чыгарып баарыбызды убара кылыптыр. "Көргөндөн көрө элегиӊ көп" дегендей, милицияда 20 жылдан бери кызмат кылып ушундай окуяны биринчи көрүшүм", - дейт Алиев

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

 

Последние новости